|
Эмгек эркиндиги
|
|
ЭМГЕК ЭРКИНДИГИ – адамдын социалдык-экономикалык жана маданий укуктарына кирүүчү негизги конституциялык укуктарынын бири. Адатта, эмгекке өз жөндөмдүүлүгүн пайдалануу, иш менен кесип түрүн тандап алуу, ошондой эле мажбурлап иштетүүгө тыюу салуу эркиндиктеринин мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Кандайдыр бир иш түрү үчүн белгилүү бир билим деңгээлин же дагы башка атайын адистикти талап кылуу (м.: медициналык көрсөткүчтөр, белгилүү бир куракка жетүү) сыяктуу, мыйзам тарабынан айрым чектөөлөр коюлушу мүмкүн.
|